22
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясы ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетекчилик кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясы бүгүн, 21-декабрда, Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Делегациянын курамында - транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Өкмөт Аппаратынын Жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлигиндеги өкүлү Санжар Уметалиев, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков, тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиевдер бар.
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт.
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибинде соода, транспорт, өнөр жай, бажы тарифин жөнгө салуу жана ветеринардык көзөмөл багытындагы 18 маселе каралат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү