13

Июнь

2017

«Асыл» балдардын ден-соолугун чыңдоочу комплекси Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилди

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Ой айылындагы мамлекеттин менчигинде турган «Асыл» балдардын ден-соолугун чыңдоочу комплекси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилди.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Мындай чечим билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү