09

Декабрь

2016

Экологиялык жана Техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын иши оптимизацияланат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишин оптимизациялоо жөнүндө» токтомго кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын түзүмү оптимизацияланат.

Аталган чечим Мамэкотехинспекциянын борбордук аппаратын калктын, жан-жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн саламаттыгын жана жашоосунун коопсуздук талаптарын, нормаларынын камсыздалышынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү боюнча текшерүүдөн бошотуу жана Мамэкотехинспекциянын аймактык подразделениелеринде көзөмөл функцияларын ишке ашыруу боюнча ишке басым жасоо менен жагымсыз таасирлердин алдын алуу, ошондой эле Мамэкотехинспекциянын тыкыр методологиялык текшерүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча окутуу иш-чараларын кеңейтүү боюнча борбордук аппараттын ролун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Аталган документке ылайык, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын борбордук аппаратынын саны кыскартылат жана регион аралык башкармалыкка штаттык бирдик өткөрүлүп берилет. Башкача айтканда, борбордук аппараттын 23 штаттык бирдиги  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын регион аралык башкармалыгына өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын карамагына Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу жоюлган Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспециясынын айрым функциялары 15 штаттык бирдиги каржылоосу жана материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүлүп берилет.

Кыргыз Республикасынын

 Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздо бөлүмү