21
Февраль
«Жарандык интернет саясат демилгеси» коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева: «Смарт коом» долбоору өлкө Президентинин демилгеси
«Смарт коом» долбоорун иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен башталган.
Аталган долбоор Кыргызстанды динамикалуу өнүктүрүүдө жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу жана аны кайра жандандыруу үчүн аракет болуп саналат», - деп билдирди бүгүн, 21-февралда, Кыргызстандык VI маалыматтык технологиялар форумунун (КИТ-форум) ачылышында «Жарандык интернет саясат демилгеси» коомдук фондунун директору Татту Мамбеталиева.
Ал белгилегендей, Кыргызстан өзүнүн географиялык абалын колдонуу менен IT-долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу аркылуу Борбор Азия өлкөлөрү үчүн «транзиттик хаб» болууга мүмкүндүгү бар.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев журналисттерге интервью берип, бүгүнкү күндө мамлекет маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап жатканын маалымдады.
«Учурда бардык мамлекеттик органдарда калктын мамлекеттик кызматтарга болгон жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүүнү камсыз кылуу үчүн электрондук башкарууга өтүүгө байланышкан көптөгөн долбоорлор иштелип чыгууда. Электрондук экономикага өтүү мезгилдин талабы болуп жатат», - деди Бакыт Шаршембиев.
[su_carousel source="media: 90312,90313,90314" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү