23
Май
2016
Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин директору Жаныбек Дербишалиевге сөгүш берилди
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин директору Дербишалиев Жаныбек Сейитмамытовичке жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн сөгүш берилди.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү