26

Август

2016

МКК караштуу Кыймылсыз мүлккө укукту каттоо жана кадастр департаментинин директору Нарынбек Исабековго эскертүү берилди

Жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Кыймылсыз мүлккө укукту каттоо жана кадастр департаментинин директору Исабеков Нарынбек Дюшекеевичке эскертүү берилди. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү