07
Июнь
Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбековго катуу сөгүш берилди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Орозбеков Алымбек Асылбековичке катуу сөгүш берилди.
Эскерте кетсек, буга чейин интернет басылмаларында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги 2016-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Супара» этнографиялык комплексинде форумдун катышуучулары менен болгон кечки тамакка 150 миң сом төлөгөндүгү тууралуу маалымат тараган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин чыгымдары жөнүндөгү маселе боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик агенттиктин документинде көрсөтүлгөн 2016-жылдын октябрында «Супара» этно-комплексинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков чет элдик делегация менен кечки тамактанууга катышкан деген маалымат чындыкка дал келбестиги аныкталды.
Кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбековго катуу сөгүш жарыяланды жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучу А.Акматалиевага тийиштүү бухгалтердик документтерди жасагандыгы үчүн жумуштан четтетүү чечими кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү