29

Декабрь

2016

Ата мекендик ишкерлер үчүн темир жол транспорту аркылуу Казакстан Республикасынын аймагында Россиядан, Белорусь Республикасынан жүктөрдү алып өтүүнүн баасы төмөндөйт

2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында жана Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин сүйлөшүүсүндө, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда тарифтик саясаттын негиздерин эске алуу менен темир жол транспортун тейлөө жана жөнгө салууну кабыл алуу боюнча макулдашууга кол коюлду.

Аталган макулдашууда Кыргыз Республикасынан чыккан жүктөрдү  Казакстан Республикасынын аймагынан  темир жолу аркылуу ташууда  тарифтерди жеңилдетүү камтылат, транзиттик тариф эселеп арзандайт.

Мындан улам чарба субъетилери үчүн Кыргыз Республикасынан экспорттук жана импорттук азык-түлүктөрдү Казакстан Республикасынын аймагынан темир жол транспорту  менен жүктөрдү ташуу тарифтерин жеңилдетип, Россия жана Белорусияда сезилээрлик төмөндөйт. Буга байланыштуу Кыргызстанда импорттолуучу товарлардын наркы жана анын натыйжасы катары тамак-аш  продукцияларына рыноктук баалардын деңгээлинин  төмөндөшү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн  Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү