02
Февраль
Өспүрүмдөрдүн виртуалдык оюндарга тартылуу маселеси боюнча адистердин кеңешин алуу үчүн республика боюнча –«111» жана Бишкек шаары боюнча «185» түз байланышы иштейт
Өспүрүмдөрдүн виртуалдык оюндарга тартылуу маселеси боюнча адистердин кеңешин алуу үчүн республика боюнча –«111» жана Бишкек шаары боюнча «185» түз байланышы иштейт. Түз байланышка бардык чалуулар – уюлдук жана стационардык телефондордон акысыз жүргүзүлөт.
Мындай чечим бүгүн, 1-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекованын төрагалыгы астында тийиштүү министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда балдардын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коркунуч келтирген интенет мейкиндиктерге жайылтылып жаткан виртуалдык оюндар боюнча маселе каралган кеңешмеде кабыл алынды.
Чолпон Султанбекова белгилегендей, коомдо социалдык тармактар аркылуу жайылтылып жаткан виртуалдык оюндар кеңири талкууланууда. Учурда кайгылуу окуяларга алып келүүчү мындай оюндардын жайылтылышына жол бербөө боюнча бардык күч-аракетти жумшоо зарыл.
Вице-премьер-министр белгилегендей, буга байланыштуу тийиштүү укук коргоо органдары балдардын бул оюнга тартылуусун аныктоо боюнча тийиштүү ишти жүргүзүүсү тийиш.
Мындан тышкары, бардык мектептерде ата-энелер чогулушу өткөрүлүп, виртуалдык оюндардын балдардын психологиясына тийгизген таасири жана кооптуулугу боюнча маалымат берилет.
«Ата-энелер балдарга көңүл буруусун күчөтүп, балдардын социалдык тармактарда өткөргөн убактысын көзөмөлдөөнү күчөтүүсү керек», — деди Чолпон Султанбекова.
Кеңешменин жыйынтыгында тийиштүү министрлик жана ведомство өкүлдөрүнөн турган Ведомство аралык жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды, ал балдар өмүрүнө коопсуздук туудурган абалды иликтөө менен алектенет. Аталган топ балдардын виртуалдык оюндарга тартылусун чектөө жана компьютердик оюндардын жайылтылышына каршы туруу боюнча механизмдерди иштеп чыкмакчы.
[su_carousel source="media: 89267,89266,89265,89264,89263" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89263,89264,89265,89266,89267"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү