13

Февраль

2017

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматынан бошотуу тууралуу Башкы прокуратуранын сунуштамасын кароо үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратуранын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы    мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди аткарган кызматтык милдеттеринен бошотуу тууралуу сунуштамасын кароо  боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү тууралуу буйрукка кол койду.

Ведомстволор аралык жумушчу комиссияга бир айлык мөөнөт ичинде Башкы прокуратуранын сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине тиешелүү сунуш берүү тапшырылды.

Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы  вице-премьер-министр Жеңиш Разаков болуп, курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борборунун, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын, Юстиция министрлигинин, Өкмөттүн алдындагы экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрү кирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү