06
Апрель
2017
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-декабрындагы №719 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставынын 48-пунктунун 9-абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү