24
Ноябрь
2017
Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү