06
Июнь
2017
Джумагуль Эгамбердиева Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Эгамбердиева Джумагуль башка ишке которулгандыгына байланыштуу Кыргыз Рекспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү