17
Январь
2017
Эдил Касенов “Спорттук жайлар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” МИ башкы директору кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Касенов Эдил Абдыталипович “Спорттук жайлар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” Мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү