06
Февраль
Эдуард Турдалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Турдалиев Эдуард Климович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жалпы жамаатына жаңы орун басарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси –министр Нурханбек Момуналиев тааныштырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басарынын кызматындагы Эдуард Турдалиев “Таза коом” программасынын ишке ашышын көзөмөлдөйт.
Дайындалганга чейин Эдуард Турдалиев Майкрософт КМШ/ Майкрософттун Чыгыш Европадагы штаб квартирасынын консалтинг жана техникалык колдоосунун директорлор кеңешинин мүчөсү/директору болгон.
Эдуард Турдалиев эл аралык бизнес, операциялык ишмердүүлүк, технологиялык чечимдер жана Чыгыш Европа, Борбор Азия, Россия жана Кытайдын рыногунда санариптик трансформациялоо жана башка ар түрдүү жааттарда 17 жылдык тажрыйбасы бар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү