15
Февраль
Кыргыз товарларын экспорттоо 2016-жылы 5,1%га өсүп, анын көлөмү 1 млрд 544,6 млн АКШ долларын түздү
Кыргыз товарларын экспорттоо 2016-жылы 5,1% өсүп, $1 млрд 544,6 млн АКШ долларын түздү, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бүгүн, 15-февралда, «ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер» Эл аралык форумунда.
«Кыргыз товарларын экспорттоо 2016-жылы 5,1%га өсүп, $1 млрд 544,6 млн АКШ долларын түздү. Ошол эле учурда 2015-жылы экспорт көлөмү 22%га кыскарган. Кыргыз Республикасына товарларды импорттоо 2016-жылы 3,7%га, же 3 млрд 919,1 млн АКШ долларына кыскарса, ал эми 2015-жылы импорттун кыскаруусу 29% түзгөн. Буга катар ЕАЭБге мүчө-өлкөлөр менен өз-ара соода жүргүзүү көлөмү 2016-жылы $1 млрд 962,6 млн АКШ долларын түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 18,6% кыскарган. Мында экспорт көлөмү 4,3%га жогоруласа, тескерисинче, импорт көлөмү 23,1%га кыскарган. Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз-ара соода үлүшүнүн негизги бөлүгү Россия (53%) жана Казахстанга (44%) туура келген», – деп маалымдады ал.
Буга катар Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун айтымында, Европа биримдиги өлкөлөрү менен соода жүргүзүүдө да оңдуу динамика байкалууда.
«Алсак, 2016-жылдын 11 айынын натыйжасы боюнча Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макам алкагындагы жеңилдиктерди пайдалануу менен Кыргызстандын 50 ишканасы өз товарларын 66,7 млн АКШ доллар көлөмүндө Европа биримдиги өлкөлөрүнө экспорттогон. Белгилей кетчү нерсе, 2015-жылдын көрсөтүлгөн мезгилинде ЕБ өлкөлөрүнө товар экспорттоо 43,5 млн АКШ долларын түзүп, 2016-жылы бул көрсөткүч 53,4%га жогорулаган», - деп билдирди Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү