03

Август

2016

Эмилбек Бусурманкулов Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-августта, буйрукка кол койду. Ага ылайык Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү