20
Октябрь
2017
Эркин Асрандиев Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык Асрандиев Эркин Шамшудинович Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду Башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
Фонддун жамаатына жаңы төраганы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү