20
Октябрь
ЕБ Кыргызстанга ВСП+ алкагында «Жол картасын» даярдоого жардам берет
Европа Биримдиги Кыргызстанга ВСП+ алкагында «Жол картасын» даярдоого жардам берет.
Ылайыктуу келишим Брюссель шаарында (Бельгия Королдугу) өткөн Кыргыз Республикасы –Европа Биримдигинин кызматташуу комитетинини XIV жыйынында жетишилди.
Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инветиция бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйков жетектеди. Европа Биримдигинин делегациясын Борбор Азия жана ЕККУ Чыгыш өнөктөштүгү, Россия Федерациясы боюнча Европа сырткы байланыш кызматы департаментинин директору Люк Девинь жетектеди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ккыргыз Республикасынын Европв Биримдиги менен болгон эки жана көп тараптуу кызматташуусунун актуалдуу масалелерин атап айтканда, социалдык-экономикалык тармактарда сектордук программаларды өнүктүрүү, конституциялык реформа жөнүндө пикир алышуу, Кыргыз республикасында шайлоо системасын модернизациялоонун жүрүшү, сот реформасы жөнүндө жана адам укуктары тууралуу талкуулашты.
Мындан тышкары тараптар башкы максаты программалык долбоорлорду ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жөнөндө комитет түзүүнү макулдашты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү