19
Июль
2016
Эшмамбет Аматов Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитет төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда, буйрукка кол койду, ага ылайык, Аматов Эшмамбет Аматович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү