12
Октябрь
Афганистандын Чоң жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынан гуманитардык жардам жеткирилди
Афганистан Ислам Республикасынын Чоң жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынан гуманитардык жардам жеткирилди.
Мурдатан маалымдалгандай, этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык көмөктүн колоннасы 2016-жылдын 3-октябрында Ош шаарынан чыккан.
Тамак-аш, дары-дармек, жылуу кийимдер жана боз үйлөр түрүндөгү гуманитардык көмөк экспедиция мүчөлөрү тарабынан Чоң жана Кичи Памирдин алыскы айылдарына жеткирилип, ар-бир үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылды.
Мындан тышкары экспедиция курамындагы медициналык кызматкерлер Чоң жана Кичи Памирде жашаган 300 жакын адамды медициналык кароодон өткөргөн.
Жергиликтүү тургундар үзгүлтүксүз түрдө көрстүлүп жаткан гумантардык көмөк жана камкордук үчүн ыраазычылык билдиришти. Учурда Афганистан Ислам Республикасынын Чоң жана Кичи Памиринде 1 500 жакын этникалык кыргыздар жашайт.
Чоң жана Кичи Памирге гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу боюнча жеткирилген. Гуманитардык көмөктү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 10 млн сом бөлүнгөн. Гумантирдык жардамды жеткирүү жана аны жеринде бөлүштүрүү ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлеккеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов жетекчилик кылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык каимсыздоо бөлүмү