06
Ноябрь
Кыргыз Республикасындагы 9 ай ичиндеги иш жүзүндөгү кырдаал макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуулугун көрсөтөт, - Олег Панкратов
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өттү.
2018-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов баяндама жасады.
Министр белгилегендей, 2018-жылдын январь-сентябрында улуттук экономиканын өнүгүүсү негизги соода өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалык активдүүлүгүнүн басаңдоо өңүтүндө - геосаясий тобокелдиктердин, финансылык рыноктордогу туруксуздуктун сакталуу шарттарында жүрдү.
«Отчеттук мезгилде дүйнөлүк экономиканын басаңдоосу байкалган, ал дүйнөлүк экономикадагы белгилүү бир окуялардын топтому менен байланыштуу. Бирок анткени менен отчеттук мезгилдеги Кыргыз Республикасындагы иш жүзүндөгү кырдаал макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуулугун көрсөтөт. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында ички дүң продукциянын өсүү темпи 1,2% түздү. Кумтөр кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда ИДП өсүү темпи 2,4% түздү», - деп билдирди Олег Панкратов.
Ошондой эле министр өстүрүлгөн түшүм жана мал чарбачылыгынын көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды келтирди.
«Республика боюнча жер-жемиштердин жалпы дүң жыйымы 906,9 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 3,8 % тоннага көп. Ошондой эле 661,4 миң тонна буудай тартылган, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 3,1 %га жогору. Картөшкөнүн дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 %га жогору болуп, 1012,2 миң тоннаны түзгөн. Республиканын бардык категориясындагы чарба субъектилери тарабынан отчеттук мезгилде 283,8 миң тонна эт өндүрүлүп, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 %га жогору болуп саналат”, – деди Олег Панкратов.
Министр ошондой эле текстилдик өндүрүштүн көлөмүнүн көрсөткүчтөрү өскөндүгүн белгиледи. Алсак, кийим-кече, бут кийим, тери жана башка тери буюмдарын өндүрүү 17,3 %га өсүүсү республиканын негизги экспорттук рынокторундагы – Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасындагы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн жана тигүү буюмдарына карата буйрутманын жогорулашына байланыштуу болуп саналат. Мисалга алсак, айына 225 тонна пахтадан жасалган токулган кездемелерди өндүрүү боюнча «Текстиль Транс» ЖЧК ишканасынын ишмердигинин эсебинен оң өсүш камсыздалган.
2018-жылдын январь-августундагы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 4276,8 млн АКШ долларын түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,5%га көбөйгөн.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү
[su_carousel source="media: 125517" link="attachment" title="no"][/su_carousel]