16
Январь
«Боинг-747» авиациялык кырсыктын кесепетинен жабыркаган жарандарга жардам берүүнү каалаган тараптар, физикалык жана юридикалык жактар ыкчам маалымат алуу «112» кызматы аркылуу өздөрүнүн байла
Бүгүн, 16-январда, Чүй облусундагы Сокулук районунун курулуш башкармалыгынын Дача айылындагы «Боинг-747» авиациялык кырсыктан жабыркагандарга такси кызматы, убактылуу турак-жай менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр түрүндө көмөк көрсөтүүнү каалаган физикалык жана юридикалык жактар «112» ыкчам маалымат кызматы аркылуу өздөрүнүн байланыш даректерин калтырууга болот.
Мындан тышкары буга чейин маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан «Боинг -747» учагынын авиациялык кырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандардан гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттары уюштурулду.
Гуманитардык көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандар төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:
1.Бишкек шаары боюнча КР ӨКМ башкармалыгы, Горький көч. 142. Тел.: (0312) 56 47 02, 0770 800 444 (ыкчам нөөмөт).
2. Ош облусу боюнча КР ӨКМ башкармалыгы, Шакиров көч.16А. Тел.: (03222) 6 65 57, 0770 80 00 40 (ыкчам нөөмөт).
Ошондой эле республиканын областтарында жабыркагандарга гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттары уюштурулууда.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү