16

Январь

2017

ФОТО - Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Боинг - 747» жүк ташуучу учагынын кыйроосунан келип чыккан кесепеттерди жоюу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Чүй облусундагы авиациялык кырсык орун алган жайга барып, тийиштүү мамлекеттик органдарга «Боинг-747» жүк ташуучу учагынын кыйроосунан келип чыккан кесепеттерди жоюу боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына максималдуу түрдө колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгын белгилеп, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жана Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди уюштурууну тапшырды. «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Улукбек Рахманов маалымадагандай, учак конор маалында көрүү нормалдуу болгондуктан ага конууга уруксат берилген.

Болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 12.00гдө алынган маалыматтар боюнча 31 жаран каза болуп, 11 адам жабыркады.

[su_carousel source="media: 88300,88301,88302,88303,88304,88305,88306,88307,88308,88309"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү