18

Апрель

2017

ФОТОРЕПОРТАЖ - Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун парламенттеги коалициялык көпчүлүк колдоду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги коалициялык көпчүлүктүн кароосуна койду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү экономикалык абалдын көрсөткүчтөрүнө, айыл чарба тармагын колдоо жана башка мамлекеттик маанидеги долбоорлорго токтолду.

Премьер-министрдин докаладынан кийин талкуу суроо-жооп иретинде уланып, натыйжада Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Өкмөттүн 2016-жыдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун парламенттеги көпчүлүк коалиция колдоду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын Жогорку Кеңешке өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берет. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамдын 12-беренесине ылайык Премьер-министр жыл сайын 15-майга чейин Жогорку Кеңешке парламент тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасы тууралуу өткөн жыл үчүн отчет берип турат.

Премьер-министрдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету парламенттик фракцияларда жана комитеттерде талкуудан өтүп, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына коюлат.

[su_carousel source="media: 92983,92984,92985,92986,92987,92988,92989,92990" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү