07
Июль
2018
Фоторепортаж – Премьер-министрдин Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын биринчи күнү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын биринчи күнү аяктады.
Бүгүн, 6-июлда, Өкмөт башчы аймактын объекттеринин Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыгын текшерип, «Балыкчы-Корумду» унаа жолунун, Ысык-Көл районундагы альтернативалык «Семеновка-Григорьевка» унаа жолунун курулушун карап чыкты.
Ошону менен бирге Премьер-министр «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жайкы туристтик мезгилде меймандарды кабыл алууга даярдыгын көрүп келди.
Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев атамекендик туризмди өнүктүрүү жана 2018-жылдагы жайкы туристтик мезгилди уюштуруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн жетекчилеринин, ошондой эле жергиликтүү актив өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жумушчу кеңешме өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү
[su_carousel source="media: 119712,119711,119710,119709,119708,119707,119706,119705,119704,119703,119702,119701,119700,119699,119698,119697,119696,119695,119694,119693,119692,119691,119690,119689,119688,119687,119686" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"]