27
Май
ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Казань шаарында ЕӨАК жыйыны өттү
Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында бүгүн, 26-майда, Россия Федерациясындагы Татарстан Республикасынын Казань шаарында Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйыны тар жана кеңири курамда өттү.
ЕӨАК жыйынында ЕАЭБ кирген өлкөлөр ортосунда интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташуу тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды.
Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынына ЕӨАК Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана башкалар катышты.
[su_carousel source="media: 95732,95733,95734,95735,95737,95738,95739,95740,95741,95742,95743" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү