08
Декабрь
ФОТОРЕПОРТАЖ - Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-декабрда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барды.
Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Базар-Коргон жана Ноокен райондоруна барып, айыл чарба жана билим берүү тармактарындагы долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты.
Базар-Коргон районунда Өкмөт башчыга «Таза суу» программасынын алкагында калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди.
Премьер-министр ошондой эле Кайырма айылындагы бала-бакчанын курулушу жана Базар-Коргон айылындагы картон кагаздарын, бут кийим жана жуучу каражаттарды чыгаруу менен алектенген «Сымай-Гыда» ААК ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ноокен районунда Сооронбай Жээнбеков “Майлуу-Суу” суу сактагычын жана 2008-жылы курулуп баштаган Ноокен районунун Масы айылындагы спорт комплексинин имаратын көрүп чыкты.
Премьер-министр мындан тышкары Кыргыз-Россия Өнүктүрүү Фондунун каражаттары тартылган Бүргөндү айылындагы «Щедрая Долина» күнөсканасынын, Масы айылындагы «Рустамбек» фермердик чарбасынын иши менен таанышты. Сооронбай Жээнбеков курулушу 1989-жылдан бери карай токтоп турган орто мектептин имаратын көрүү максатында Ынтымак айылына барды.
[su_carousel source="media: 86388,86387,86386,86385,86384,86383,86380,86379,86378,86377,86376,86375,86374,86373,86372,86371,86370,86369,86357,86356,86355,86354,86352,86351,86350,86349,86348,86347,86346,86345,86344,86343,86342,86341,86340,86334,86333,86332,86331,86330,86329,86328,86327,86326,86325,86324,86323,86322,86321,86320,86319,86318,86317"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү