14

Январь

2017

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жумушчу сапарын жыйынтыктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-январда, Баткен облусу боюнча жумушчу сапарын жыйынтыктады.

Өкмөт башчы Баткен шаарына жумушчу сапарынын алкагында аймактык биофабриканын курулушунун жүрүшү менен таанышып, № 26-өрткө каршы коопсуздук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышып жана Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты.

Өкмөт башчынын Баткен облусуна жасаган жумушчу сапары Кадамжай районундагы сел алып кеткен көпүрөнүн реконструкциялоо иши менен таанышуусу жана Арпасай айылындагы жемиш питомнигин көрүүсү, Какыр айылындагы Т.Исмаилов атындагы орто мектептин курулушу менен таанышуусу, Кызыл-Кыя шаарындагы «Манас» эстелигинин ачылыш аземине катышуусу менен жыйынтыкталды.

[su_carousel source="media: 88261,88260,88259,88258,88257,88255,88254,88253,88244,88243,88242,88241,88240,88239,88238,88237,88236,88235,88234,88233,88232,88229,88228,88227,88226,88225,88208,88207,88206,88205,88204,88203,88202,88201,88200,88199,88198,88194,88193,88192,88191,88190"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү