07

Март

2017

ФОТОРЕПОРТАЖ - Бишкекте Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине төрагалыгынын алкагында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн, 7-мартта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине төрагалыгынын астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин төрагасы Сооронбай Жээнбеков - «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Бишкекке Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларын-конокторду кабыл алды.

Бишкекке Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегия төрагасы Тигран Саркисян келди.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында тар жана кеңейтилген курамда өттү.

Өкмөт башчылары интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашып, жыйынтыктоочу документтерге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Тигран Саркисян

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасашты.

[su_carousel source="media: 91027,91028,91029,91030,91031,91032,91033,91034,91035,91036,91037,91038,91039,91040,91041,91042,91043,91044,91045,91046,91047,91048,91049,91050,91051,91052,91053,91054,91055,91056,91057,91058" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү