21

Май

2016

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары ЕАЭБ мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногун түзүү концепциясын кабыл алды

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн Премьер-министрлери бүгүн, 20-майда, Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рыногун түзүү концепциясын кабыл алды.

Өкмөт башчылар ошондой эле бир катар документтерге, алсак, Координацияланган транспорттук саясат жөнүндө протоколдун №2-тиркемесинин жоболорун пайдалануу (2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимдин №24-тиркемеси); Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып жүрүү тууралуу келишим; Евразиялык экономикалык комиссиянын чечим долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун жүргүзүлүшүнүн мониторинги тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын ар-жылкы 2015-жыл үчүн отчету; ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө келишимди даярдоо мөөнөттөрү тууралуу документтерге кол коюшту.

Мындан сырткары Евразиялык өкмөт аралык кеңештин катышуучулары келерки жыйынды 2016-жылдын август айында Россия Федерациясынын Сочи шаарында жана 2016-жылдын октябрь айында Белоруссиянын Минск шаарында өткөрүү чечимин кабыл алышты.

Белгилесек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБ түзүү жөнүндө келишимдин аткарылышын жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечимдерин мамлекет башчыларынын деңгээлинде ишке ашырылышын камсыздап, Евразиялык экономикалык кеңешке тапшырма берет. ЕАЭБ курамына кирген Өкмөт башчыларынын жолугушуусунда, биримдикке кирген мамлекеттердин интеграциялык кызматташуусунун  принципиалдуу маселелеринин маанилүү бөлүгү каралат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү