13
Июнь
«Витязь» мамлекеттик ишканасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун алдындагы «Витязь» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүлдү.
Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Учурда Маданият маалымат жана туризм министрлигинде өз кызматкерлерин бекер амбулатордук медициналык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн дарылануу-профилактикалык мекемеси болгон эмес.
Муну эске алуу менен, «Витязь» мамлекеттик ишканасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүү чечими кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү