04
Июль
Республиканын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин жайкы мезгилдеги кийимине карата талаптар жеңилдетилди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун буйругу аркылуу жайкы мезгилдеги температуралык режимди эске алуу менен республиканын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин тышкы көрүнүшүнө карата талаптар жеңилдетилди.
Буйрукка ылайык, расмий протоколдук иш-чараларга катышуудан сырткары костюмду (пиджак, жакет) милдеттүү түрдө кийбөөгө уруксаат берилет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерине чечимдерди аталган буйрукка ылайык кабыл алуу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү