09

Январь

2017

Мамлекеттик органдарга бир айлык мөөнөттө өлкөнүн мыйзамдык базасын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайыкташтыруу тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда, «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чараларды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы өлкөнүн Негизги Мыйзамына киргизилген түзөтүүлөрдүн актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн  баса белгиледи.

«Кыргызстан үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү абдан маанилүү, ал өлкөнүн мамлекеттик көзкарандысыздыгын бекемдөөгө жана парламенттик башкарууга  толук түрдө өтүүгө шарт түзөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө Өкмөттүн алдында өлкөнүн мыйзамдык базасын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайыкташташтыруу боюнча маанилүү тапшырма турат», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Максатбек Есеналиев өзгөртүүлөргө, же жаңы редакцияда кабыл алууга муктаж болгон укуктук-ченемдик актылар тууралуу маалымат берди.

Кеңешме жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга бир айлык мөөнөт аралыгында өлкөнүн Негизги Мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө ылайык келтирүү үчүн тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна конституциялык мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына түзөтүүлөр боюнча эки пакеттеги мыйзам долбоорлорун киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

[su_carousel source="media: 87985,87986,87987,87988"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү