04

Февраль

2017

ЕЭК түзүмдөрүндө иштеген Кыргызстандын жарандары уюмда бекитилген жалпы эрежелер боюнча тандалган

Евразиялык экономикалык комиссиянын түзүмдөрүндө ар-кыл кызматтарда иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча ЖМК түшкөн суроолорго байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) – 9 коллегиядан (министрден) турган үзгүлтүксүз иштөөчү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) жогорку жөнгө салуучу органы.

Коллегия мүчөлөрү 4 жылдык мөөнөткө ыйгарым укугун узартуу мүмкүндүгү менен дайындалат. Бардык министрлер Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын тең укуктуу мүчөлөрү болуп саналат.

Учурда Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөлөрү (министрлери) болуп бажы кызматташтыгы, энергетика жана инфраструктура маселесин тейлеген Кыргыз Республикасынын эки өкүлү эсептелет.

Кыргыз Республикасынын 5 жараны Евразиялык экономикалык комиссиянын департамент директорлору кызматында иштейт, ал эми 9 адам Евразиялык экономикалык комиссиянын департамент директорлорунун орун басарлары болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын квотасы боюнча департамент директорлорунун орун басарлыгынын 4 позициясы бош турат, анткени учурда бош орунду ээлөөгө сынак өткөрүлүүдө.

Департамент директорлору жана алардын орун басарлары төмөнкү талаптарга жооп берүүсү тийиш: ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин биринин жарандыгына ээ болуусу, кызматтык милдеттерге тийиштүү кесиптик даярдыкка ээ болуусу жана адистик боюнча 5 жылдан кем эмес эмгек стажы болуусу.

Мындан тышкары, Евразиялык экономикалык комиссияда кичи жана орто башкаруу звеносунун ар-кыл административдик кызматтарында сынактан өткөн жана ЕЭКке чакырылган Кыргыз Республикасынын жарандары иштейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү