03
Ноябрь
Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин м.а. Мухамметкалый Абулгазиев жана Кытайдын коммерция министри Гао Хучэн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев жана Кытай Элдик Республикасынын коммерция министри Гао Хучэн 2-ноябрда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана аны өнүктүрүү келечегин талкуулады. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова катышты.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын ырааттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Соода-экономикалык жана маданий гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүү аспабы катары биргелешкен кыргыз-кытай Өкмөт аралык комиссиясынын ишмердүүлүгү саналат. Муну эске алуу менен биз Өкмөт аралык комиссиясынын жыйындарын жылына 2-3 ирет өткөрүүнү сунуштайбыз. Буга катар кыргыз тарап биздин өлкөлөр оротосундагы соода байланыштарды жандантуу, анын ичинде кырргыз айыл чарба продукциясын экспорттоону активдештирүү үчүн чыгууда. Бул максатта карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн сапатын жогорулатуу жаатында тийиштүү иштер аткарылууда», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министрдин м.а. Мухамметкалый Абулгазиев.
Коммерция министри Гао Хучэн Кытайдын Кыргызстан менен өз-ара пайдалуу кызматташтыгын кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
«Биздин өлкөлөр ортосунда жылуу коңшулук мамилелер өнүгүүдө. Мен Ташкент шаарында өткөн ШКУ мамлекет башчыларынын июндагы саммити учурунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпинь тарабынан жетишилген келишимдер, ошондой эле КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцяндын Кыргыз Республикасына бүгүнкү расмий сапарынын жүрүшүндө кол коюлган макулдашуулар ишке ашырылат деп ишенем», - деди ал.
Жолугушуунун жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын ирригациялык тутумун жакшыртуу» жана «Бишкек шаарынын унаа жолдорун калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча алмашуу ноталарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Кытай Элдик Республикасынын Коммерция министрлиги ортосунда кызматташтыкты чыңдоо жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Кыргыз тараптан документтерге Экономика министри Арзыбек Кожошев кол койду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү