10
Ноябрь
Премьер-министрдин м.а. Сооронбай Жээнбеков КНСтин эсеп-фактураларын алуу, пайдалануу жана жүргүзүү процедурасынын жаңы механизмдерин киргизүү тууралуу токтомго кол койду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Токтомго ылайык, КНСтин эсеп-фактураларынын кагаз бланктарынын тыкыр отчеттуулугун алып салуу жана салык органдары тараптан салык төлөөчүлөрдүн КНС эсеп-фактураларына серия жана номерлерди ыйгаруусу каралган.
Натыйжада, сериялар жана номерлер салык органы тарабынан КНС салыгын төлөөчү катары салык салынуучу обьектке анын катталган орду боюнча берген арызынын негизинде КНСтин эсеп-фактураларына ыйгарылат.
Буга катар салык төлөөчү 2016-жылдын 7-ноябрына карата колунда болгон КНСтин эсеп-фактураларынын тыкыр отчеттуу кагаз бланктарын 2016-жылдын 31-декабрына чейин пайдаланууга укугу бар. Буга байланыштуу 2016-жылдын 7-ноябрына карата колдо болгон КНСтин эсеп-фактуралары боюнча тийиштүү реестрлерди салыктык каттоо орду боюнча салык органына көрсөтүү зарыл.
Белгилесек, жаңы механизм КНСтин эсеп-фактураларын алуу, пайдалануу жана эсебин жүргүзүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүү, салык органдарынын жана салык төлөөчүлөрдүн ашыкча убактысын жана материалдык чыгымдарын кыскартуу максатында киргизилүүдө.
Аталган механизмдин киргизилиши эсеп-фактуралардын эсеп-бланктарын даярдоодон баш тартуунун негизинде бюджеттик каражаттын үнөмдөлүшүнө алып келет.
Аталган токтом 2016-жылдын 7-ноябрынан тарта күчүнө кирген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү