02
Ноябрь
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы – Маданият кызматкеринин күнү менен куттуктады.
Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунун тексти:
«Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Маданият кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Маданият – жашообуздагы туруктуу нормалардын системасы катары муундардын биримдигин чыӊдайт, тарыхыбызга таянуу менен, келечекти курууга өбөлгө түзөт. Тарых жана маданият жылында көчмөн цивилизациясы дүйнө маданиятына, адабиятына жана искусствосуна олуттуу салым кошуп, азыркы учурда дагы өзүнүн уникалдуу ордуна ээ экени – биздин өлкө аркылуу ааламга дагы бир жолу даӊазаланды. Маданият чөйрөсү – өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү