07
Ноябрь
Премьер-министрдин м.а. Сооронбай Жээнбеков маалымат жана басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков маалымат жана басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунун тексти:
«Урматтуу маалымат жана басма сөз тармагынын кызматкерлери!
Кымбаттуу журналисттер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!
Биздин жалпы максатыбыз – Кыргызстанды өнүктүрүү. Сиздердин күнүмдүк ишиңиздер адамдардын жашоосуна жана өлкөдөгү коомдук-саясий процесстерге ишенимдүү таасирин тийгизет. Сиздер бийлик ар дайым тигил, же бул кырдаалга өз учурунда жооп кайтарып, өлкөбүздү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча белгиленген милдеттердин чечилишине көмөк бересиздер.
Биз жалпыга маалымдоо каражат кызматкерлеринин активдүү жарандык пикирин, журналисттин ишиндеги негизги принциптерди – ишенимдүүлүк, объективдүүлүк жана ыкчамдыкты туу тутуп, өз ишин татыктуу жана ар-намыстуулук менен аткарып жаткан кесипкөйлөрдүн эмгегин жогору баалайбыз. Бийликтин аткаруу органдары жана жалпыга маалымдоо каражаттары ортосундагы кызматташтык конструктивдүү багытта өнүгүүсү менен катар өлкөнүн жетишилген ийгиликтерин чыңдоого өз салымын кошооруна ишеним билдирем.
Сиздерге чың ден-соолук, бакубаттуулук, чыгармачыл ийгилик, курч калем жана мыкты жаңылыктардын жаралышын каалайм».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү