29
Октябрь
2016
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады.
Төмөндө Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу:
“Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктайм!
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чейрек кылым ичинде бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүштү. Алар аймактарды өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун багыттарын аныктап келишет, жер-жерлерде социалдык-экономикалык абалды, маданий жагдайды жакшыртуу боюнча иштерди аткарып жатышат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзам тарабынан бир кыйла чоң укуктар берилгени - өлкөбүздө демократиянын өнүгүп жаткандыгынын дагы бир күбөсү.
Элдин көйгөйлүү маселелерин жеринде чечүү менен өлкөнү өнүктүрүүгө кошуп жаткан чоң салымыңар үчүн ыраазычылык билдирем.
Баарыңыздарга үй-бүлөлүк бакыт, бекем ден соолук, узун өмүр каалайм!».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камыздоо бөлүмү