27

Октябрь

2016

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин  милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-октябрда, Беларусь Республикасынын Минск шаарына Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барып, эртең 28-октябрда Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын жыйынына каташышат.

Жыйында КМШ жана Евразия экономикалык бирлигине кирген мамлекеттердин кызматташтыгы тууралуу актуалдуу маселелер каралат.

Сооронбай Жээнбековдун Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуусунун алкагында, анын эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Олег Панкратов, Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Замирбек Айдаров, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Азамат Сулайманов, Кыргыз Республкиасынын Беларусь Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана башка расмий өкүлдөр бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү