04
Ноябрь
Премьер-министрдин м.а. Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жумушчу сапары менен барат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактары боюнча жумушчу сапарын улантууда. Бүгүн, 4-ноябрда, ал бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат.
Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айылындагы орто мектептин ачылышына катышып, «Мал чарбачылыгын жана рынокту өнүктүрүү – 2» долбоорун ишке ашыруу алкагында жайлоо пайдалануучулар бирикмелерине гранттык көмөк алууга сертификаттарды тапшырат.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна сапарынын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун 70 жылдыгына арналган иш-чарага катышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү