04

Ноябрь

2016

Премьер-министрдин м.а. Сооронбай Жээнбеков: Билим берүү тармагы – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат

Билимдүү муунсуз өлкөнүн келечеги болбойт, ошондуктан билим берүү тармагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат, - деди бүгүн, 4-ноябрда Премьер-министрдин м.а. Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу айылындагы Кызы- Сарай орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш салтанатында.

Премьер-министрдин м.а. педагогикалык курамды, окуучуларды жана ата-энелерди кубанычтуу күн менен куттуктады.

Билим берүү тармагы – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Бул Мамлекет башчы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн. Өлкөдө авариялык абалдагы мектептер болбошу керек жана өлкө жетекчилиги жакынкы эки жылдын ичинде бардык балдар оңдолгон, жаңы мектептерде билим алуусу үчүн колдон келген аракетин жасайт», - деди Сооронбай Жээнбеков. Ал белгилегендей, акыркы 5 жылда Кыргызстанда билим берүү тармагын каржылоо 3,5 эсеге жогорулады, 2017-жылы бюджеттин 24% билим берүү тармагына багытталат.

«Биз өлкөнүн жаркын келечеги үчүн билим берүү тутумуна өзгөчө көңүл буруп, жогорку билимдүү муунду тарбиялап өстүрүүбүз керек», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, өлкөдө акыркы жылдары мектептер гана эмес, башка социалдык объектилер, жолдор курулууда. «Эгерде өлкөдө туруктуулук, тынчтык, ынтымак жана биримдик болсо, жарандарыбыздын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, аймактарды өнүктүрүүгө, социалдык обьектилерди курууга багытталган бир катар долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк болот», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Салтанаттуу иш-чаранын жыйынтыгында Премьер-министрдин м.а.Сооронбай Жээнбеков иш-чара катышуучуларына ден-соолук, узун өмүр, жана ийгиликтерди каалады. Жаңы мектепке Кыргыз Республикасынын атынан компьютердик техника берилди.

Маалымдама : Жаңы мектеп 225 орунга эсептелген, тийиштүү эмеректер менен жабдылган.

2016-жылы 80 жаңы билим берүү мекемесинин курулушу пландаштырылган, Ош облусу боюнча быйылкы жылы 28 мектептин курулушу жыйынтыкталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү