29

Октябрь

2015

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Бүгүн, 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев жетектеген делегация КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өтчү жыйынына жөнөп кетти.

30-октябрда Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушууларына катышат.

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңеши ар кыл багыттаттагы актуалдуу маселелерди талкуулап жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкка багытталган документтерди карамакчы.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибинде КМШ алгагындагы экономика, өнөр жай, энергетика, билим берүү, экологиялык мониторинг жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана инновация тармагындагы маселелер коюлган.

2016-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине Кыргызстан төрагалык кылат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү