14
Ноябрь
Өзбекстан Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады
«Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Сиздин бул жогорку кызмат ордунуздагы ишмердүүлүгүңүз биздин өлкөлөрдүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн багытталган көп кылымдык салттык достукка, жылуу коңшулук жана өз ара урмат-сыйга негизделген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө көмөк көрсөтөөрүнө ишеним билдирем. Өзгөчө белгилей кетсем, кыргыз-өзбек мамилелеринин жакшы жагына өзгөрүүсүнүн айкын мисалы катары жакында эле болуп өткөн Кыргызстандын делегациясынын Андижан шаарына жана Өзбекстан делегациясынын Ош шаарына келип кетишин айтууга болот.
Аны менен бирге, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара маселелери боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөр процесси укуктук багытта жүргүзүлүшү абдан чоң мааниге ээ», - деп белгиленет Өзбекстан Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда.
Ал Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук, бакубаттуулук, мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик, бир тууган кыргыз элине тынчтык, гүлдөп-өнүгүүнү каалады.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү