27
Октябрь
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Гүлмира Кудайбердиева: КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интелегенциясынын XI форуму - Шериктештиктин мейкиндигиндеги маанилүү окуя
Бишкек шаарында бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Гүлмира Кудайбердиева КМШ мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интелегенциясынын XI форумунун ишин ачты.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Форумдун катышуучулары менен учурашкан соң, Гүлмира Кудайбердиева иш чара Форум КМШ өлкөлөрүнүн мамлектетер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун колдоосу менен өтүп, КМШ аймагында жыл сайын өтүүчү маанилүү окуялардын бири болуп калганын белгиледи.
«Үстүбүздөгү жыл тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. Биз үчүн дал ушул тарых жана маданият жылын утурлай юбилейлик форумдун Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтүп жатканы жагымдуу. Бул өзгөчө символикалык мааниге ээ», - деди вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Гульмира Кудайбердиева бул жылы КМШ юбилейи жана Шериктештиктин чейрек кылымы белгиленип жатканын, учурда КМШ өлкөлөрүнүн алдында узак жылдар бою экономикалык жана гуманитардык кызматташуу келечеги турганын билдирди.
Ошондой эле РФ Президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү, КМШ өлкөлөрүнүн мамлектетер аралык гуманитардык кызматташуу фонду башкармалыгынын тең төрагасы Михаил Швыдко, аталган форум тарыхый жагынан гана эмес, келечектүү болгонун да кошумчалады. Аны менен катар КМШ өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мындан 25 жыл мурдагыга караганда бир топ жакшырганы айтылды.
Эскерте кетсек, 27-28-октябрда өтүп жаткан Форум Шериктештикке кирген мамлекеттер мейкиндигинде маанилүү окуя болуп калды. Форумдун темасы – «Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин 25-жылдыгы. Гуманитардык кызматташуунун келечеги».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү