18

Июнь

2015

Үйдүн кутун кармоо, балдарды тарбиялоо жана айрым учурда аларды камсыздоо милдети толугу менен аялдарга жүктөлүүдө

Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Республикалык айылдык аялдардын III жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Жыйын катышуучуларына кайрылууда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева белгилегендей, мындан 2 жыл мурда Баткен жергесинде болуп өткөн I республикалык жыйын катышуучуларынын сунушу боюнча 18-июнь Аялдар күнү катыр белгиленээри тууралуу чечим кабыл алынган.

«18-июнь бекер жерден айылдык аялдардын эмгегин баалоо күнү катары белгиленген эмес. Туура 113 жыл мурда кыргыз элинин мыкты кыздарынын бири Зууракан Кайназарова туулган. Бул легендарлуу инсанды кыргызстандыктардын көптөгөн мууну Мекенге жана элге кынтыксыз кызмат кылуу үлгүсү катары кабыл алып келген. Эки ирет Социалисттик эмгектин баатыры наамына ээ болуп, Улуу ата-мекендик согуш учурунда жетим балдарды өз үйүнө алып тарбиялап өстүргөн. Менин пикиримде Зууракан Кайназарованын элеси көптөгөн келечек муундарга жана заманбап аялзатына үлгү катары кызмат кылат», — деп белгиледи ал.

Дамира Ниязалиеванын айтымында, республикада айыл жергесинде жашаган аялдардын саны 65 % жакын эсептелет , алардын жарымынан ашыгы айыл чарбада кызмат кылат.

“Алардын көбү 15-49 жаштагы аялдар. Айылдык аялдардын көйгөйүнө жашоо-шартынын төмөнкү деңгээли, социалдык жактан корголбогондугу, жумушсуздук, киреше, укуктук билим алуудагы чектелген мүмкүнчүлүк, ден-соолук боюнча төмөнкү көрсөткүчтөр, чечим кабыл алуу деңгээлиндеги төмөнкү катыштык маселеси кирет. Кирешени камсыздоодогу үзгүлтүксүз иш менен алектенүүсү - материалдык жана социалдык бакубаттуулуктун негизги шарттарынын бири болуп саналат. Бул багытта алар аз корголгон катмарга кирет», – деди баяндамачы.

Дамира Ниязалиеванын айтымында, негизги иш орду боюнча алган айлык акысы жана социалдык төлөмдөр көптөгөн айылдык аялдардын негизги киреше булагы катары саналат.”Көптөгөн аялдар талааларда кол эмгек менен алектенет. Мында алар толуу менен иш берүүчүдөн көз каранды, алар эмгек келишимдердин негизинде иш алып барбайт. Биз айылдык аялдарга жаңы кесип ээлери болуусуна жана ишкерликти өнүктүрүүгө, ошондой эле үйгө алынчу жумуштун негизинде эки милдетти бир алып кетүү шартын түзүүгө көмөктөшүүбүз керек», — деп билдирди вице-премьер-министр.

Дамира Ниязалиева гендердик теңчилик темасын козгоп, атайы чаралардын киргизилишине карабастан, чечимдерди кабыл алуунун жалпы абалында тең салмактуулук сакталбай жатат.

«Алсак, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын 459 башчысынын болгону 27син аялдар түзөт. Жергиликтүү кеңештеги аял депутаттардын үлүшү болгону 16% түзүп, 6753 эркекке 1326 аялзат өкүлдөрү туш келүүдө. Аялдар жер-жерлерде активдешип, келечектеги шайлоолорго катышуусу зарыл», — деди ал.

Өз сөзүнүн соңунда вице-премьер-министр үй-бүлөнүн баалуулугуна жана маанилүүлүгүнө токтолду.

“Айылдык аялдардын мүмкүндүгүн жогорулатуу максатында эмне иштерди аткаруу керек? Бүгүнкү күндө айылдык аялдар күчтүү болушу шарт. Тилекке каршы, үйдүн кутун кармоо, балдарды тарбиялоо жана айрым учурда аларды камсыздоо милдети толугу менен аялдарга жүктөлүүдө”, - деди вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жана форум катышуучуларына жемиштүү ишти жана айылдык аялдардын жашоо-шартын жеңилдетүү жана мүмкүндүктөрүн ;огорулатуу боюнча натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуусун каалады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү