08

Июль

2016

«Центерра Голд Инк» компаниясынын «Томпсон Крик Металз» компаниясын сатып алуу чечими боюнча маалымат

«Центерра Голд Инк» компаниясы Британ Колумбиясы провинциясындагы (Канада) алтын жана жез өндүрүү боюнча кенди эксплуатациялаган «Томпсон Крик Металз» компаниясын сатып алуу боюнча бүтүмдүн жактырылышы тууралуу расмий түрдө жарыялады.

Бүтүмдү каржылоону компаниянын жеке эсебинен, канадалык «Scotia Bank» банкынын насыясынын, ошондой эле «Центерра Голд Инк» компаниясынын кошумча акцияларын чыгаруу аркылуу инвестицияларды тартуу эсебинен жүргүзүү болжолдонууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү буга дейре «Центерра Голд Инк» компаниясынын максаттары жана аталган бүтүмдүн шарттары тууралуу маалыматка ээ болгон эмес.

«Центерра Голд Инк» компаниясынан аталган маселе боюнча кат түрүндөгү маалымдамасы компаниянын Директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимден соң, келип түшкөн.

Бүтүм аркылуу «Центерра Голд Инк» компаниясындагы «Кыргызалтын» ААКтын үлүшүнүн кыскаруусу келип чыгаарын эске алуу менен, директорлор кеңешиндеги «Кыргызалтын» ААКтын мүчөлөрү бул чечимге каршы добуш берген. Ага карабастан, Томпсон Крик Металз» компаниясын сатып алуу боюнча бүтүм «Центерра Голд Инк» компаниясынын Директорлор кеңешинин башка мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен жактырылган.

Учурда «Кыргызалтын» ААК тараптан алдыдагы бүтүмдүн шарттарынын финансы-экономикалык талдоосу жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мурдагыдай эле, «Центерра Голд Инк» компаниясындагы кыргыз тараптын катышуу үлүшүнүн кыскартылышынын максатка ылайык эместиги тууралуу пикирди карманууда.

Бүгүнкү күндө тараптар жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «Центерра Голд Инк» компаниясынын жетекчилиги ортосунда “Кумтөр” долбоору тегерегиндеги абалды кароо үчүн сүйлөшүүлөрдү жана кеңешмелерди өткөрүү боюнча сунуштар менен алмашууда. Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алдыдагы бүтүмдүн бардык деталдарын карап жана анын Кыргыз Республикасындагы «Кумтор» долбоорунун мындан аркы ишке ашырылышына тийгизчү таасирин талкуулоону ниеттенүүдө.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү