19
Январь
«Боинг – 747» учагынын авиа кырсыгынан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө отун жана көмүр жетишсиздиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт
Айрым массалык маалымат каражаттарында жайылтылган Чүй облусунда орун алган «Боинг – 747» учагынын авиа кырсыгынан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө отун жана көмүр жетишсиздиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.
Көпчүлүк жабыркагандар туугандарыныкында жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жабыркагандар Бишкек шаарындагы «Семетей» мейманканасында 4 үй-бүлө жалпы 20 киши өз калоолору менен жайгаштырылды.
Жабыркагандар ысык тамак, керектөөчү зарыл товарлар жана азык-түлүк менен камсыздалган. Алар менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери, психологдор чогуу болууда.
Муну эске алуу менен, жарандардын көмүр түрүндө жардам көрсөтүү боюнча чагымчыл чакырыктарга алдырбоосун өтүнөбүз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү