19
Январь
330 миң унаа ээсинин транспортко салык төлөбөгөндүгү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт
330 миң унаа ээсинин транспортко салык төлөбөгөндүгү тууралуу маалыматка тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөнкүлөрдү билдирет.
20160-жылы транспортко салык төлөөнүн администрациясын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан салык төлөө фактысын тастыктаган автоунаанын айнегине атайы чаптагычтарды пайдалануунун жаңы механизми иштелип чыгып, ишке киргизилген.
2016-жылы салык 737 502 автотранспорттук каражат үчүн төлөнгөн. Автотранспорт үчүн салыктык түшүүлөрдүн суммасы 796,5 млн сомду түзүп, бул белгиленген пландан 94,0 млн сомго жогору болгон. 2015-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 116 % (107,0 млн сомго жогору) түзгөн. Натыйжада, 2016-жыл үчүн автотранспорттук каражат салыгынын суммасы болжолдонгон пландык көрсөткүчтөрдөн жогору болгон.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2016-жылдын 1-январына карата жалпысынан республика боюнча 1 015 352 унаа катталган, анын 96 710уна (мамлекеттик, жеңилдик алгандарга тийиштүү, прицеп жана жарым прицептер) Кыргыз Республикасынын салык кодексинин нормаларына ылайык салык салынбайт.
Салык салынчу унаа каражататрынын саны – 918 642 даана, анын 180 миңден ашууну 1940-1981-жылы чыгарылган, анын ичинен көптөгөн унаалардын пайдалануу мөөнөтү 35 жылдан ашуун эсептелгендиктен, утилизацияга кетүүсү жана Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтар базасынан алынуусу керек.
4-топтогу мүлккө салык төлөөчүлөрдү толук камтуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кварталдык комитеттер, турак-жай комитеттери менен биргеликте салык төлөөчүлөргө дүмүрчөктөрдү тапшыруу боюнча иштер аткарылууда.
Иш жүзүндө пайдаланылган транспорттук каражаттардын чыныгы санын аныктоо үчүн кыймылдуу мүлк ээлери арасында пайдаланылбаган каражаттарды каттоодон алуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүүдө, алсак, 1 040 унаа ээлери жарактан чыккан каражаттарын каттоодон алышкан.
Натыйжада, 330 миң унаа ээсинин транспортко салык төлөбөгөндүгү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү